Радиотехникалык камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын жогорку аба мейкиндиги эки  жоопкерчилик аймагына  бөлүнгөн - Бишкек жана Ош райондук борборлору.

Кыргыз Республикасында учууларды радиотехникалык камсыздоо  каражаттары негизинен аэродромдук түйүндѳрдѳ  жайгашкан.  Аба кемелеринин учууларында радиолокациондук көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн Бишкектеги “Манас” аэропортуна, Ош  жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторуна орнотулган локаторлор колдонулат.

Бишкекете бирдиктүү АКБ борборунан жогорку аба мейкиндигин башкарууну уюштуруу үчүн “Ош”, “Ысык-Көл” эл аралык  аэропортторуна  орнотулган радиолокатолордон локациондук сигналды түз берүү уюштурулган. Ушул максатта Манас, Ош, Ысык-Көл, аэропортторун байланыштырып туруучу КСПИ “Ладога” системасы ишке киргизилген.

АКШ Ѳкмѳтүнүн техникалык жардамынын эсебинен 26 датчиктен жана 8 ретранслятордон турган кѳп позициялуу МЛАТ байкоочу системасы ишке берилген, алар Кыргыз Республикасынын бардык аба трассаларын байкоо жана байланыш менен камсыздайт, ошондой эле “Манас” аэропортундагы жаңы КДП Вышканын курулушу аяктап пайдаланууга берилди.

Ысык-Кѳл жана Ош эл аралык аэропортторуна азимуталдык-алысксы ѳлчѳѳчү VOR/DME радиомаягы жеткирилип, орнотуу  иштери жүргүзүлдү.

“Джайка” Япон уюмунун гранттык эсебинен “Манас” эл аралык аэропортундагы азимуталдык-алысксы ѳлчѳѳчү VOR/DME радиомаягын алмаштыруу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Бишкек филиалы

Бишкектеги  райондук борбордун жоопкерчилик аймагындагы  радиолокациондук көзөмөл Россия Федерациясынын “ВНИИРА - ОВД” ЖАК ѳндүргѳн   МВРЛ-СВК аэродромдук-трассалык локатору аркылуу ишке ашырылат. ТРЛК-11 трассалык радиолокациондук комплекси резерв катары пайдаланылат. “Манас”аэропорту VOR – DME, ДМЕ 2020 алыстан өлчөп кондуруучу  радиомаягы, NAVIA  AVIATION компаниясынын  (Норвегия)  ILS  NM-7000 конуу системасы сыяктуу  заманбап навигациялык системалары  менен  жабдылган. Диспетчерлердин иш ордулары да заманбап “Альфа” автоматташтырылган АКБ системалары менен жабдылган.

Жердеги  сүйлөшүүнү жана телефондук байланышты уюштуруу, ошондой эле абадагы жана жердеги объектилер менен радиобайланыш аркылуу башкаруу үчүн “Мегафон” сүйлөшүү байланышын коммутациялоочу система ишке берилди. Радиолокациондук  жана добуштук маалыматты автоматтык түрдө каттоо максатында көп каналдуу каттоочу “СМАРТ-Т” ситемасы колдонулат. АКБ системаларынын жабдууларын синхрондоштуруу үчүн так убакытты көрсөтүүчү “Метроном” системасы ишке киргизилген. Алдын ала суткалык жана учурдагы учууларды пландоо боюнча бирдей маалымат базасын уюштуруу максатында “Планета” аба кыймылын пландоонун автоматташтырылган  каражаттарынын комплекси пайдаланууга берилди. Диспетчердик персоналдар үчүн  зарыл болгон маалымдама-маалыматтардын автономиялык дисплейлеринде  сакталган көрсөтүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү  үчүн “Консультант” программалык-аппараттык комплекси колдонулат. 2010-жылдын декабрында Ысык –Көл аэропортуна Россия Федерациясынын “ВНИИРА - ОВД” жабык акционердик коому  ѳндүргѳн   АДС-В га чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар жаңы аэродромдук –трассалык “Аврора” экинчи радиолокатору орнотулган.

Ош  филиалы

 

Ош райондук борборунун жоопкерчилик чөлкөмүн радиолокациондук көзөмөлдөө үчүн ТОМСОН М RSM -970 фирмасынын локаторлору колдонулат. Азыркы тапта экинчи аэродромдук локаторду жана кѳп позициялуу байкоо системасын  сатып алууга жана орнотууга тендер жарыяланды.  2008-жылы СП-200 конуу системасы  орнотулуп,   “Норд” автоматташтырылган аба кыймылын башкаруу системасы ишке киргизилди, ошондой эле  СМАРТ  каттоо системасы орнотулган.  “Ош” эл аралык аэропортуна жаңы үн байланыш системаларын орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруубоюнча  иштер  жүргүзүлүүдѳ.

УРТК кызматы учууларды радиотехникалык камсыздоо  иштерин   жүктөлгөн “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк бөлүктөрүнүн бири  болуп саналат.

            УРТК   кызматы төмөнкүлөрдөн турат:

1. Учууларды радиотехникалык камсыздоо борбору;

2. Радиолокация,радионавигация жана байланыш каражаттарын эксплуатациялоо жана   

    оңдоо боюнча бѳлүм;

3. Энергия менен камсыздоо бѳлүмү;

4. Метрология бөлүмү;

 

УРТК борбору учууларды  радиотехникалык  жактан камсыз кылуучу

Бишкек жана Ош борборлорун өзүнө камтыйт.