Кыргызаэронавигация

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы учууларды радиотехникалык камсыз кылуунун  жана электр байланыштын  жердеги каражаттарын техникалык жактан эксплуатациялоочу  жана аба кыймылын башкаруучу мамлекеттик ишкана болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын  пайда болуу тарыхы "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында мамлекеттик жөнгө салуу функциясын чектөө жана чарбалык иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-октябрындагы N 610 токтомунан башталат. Ошол убакта Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммунакациялар министирлигинин курамында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ишкана, юридикалык жак деген статус менен, өзүнө жүктөлгөн милдетин аткарууга керектүү болгон мүлктүк топтому менен, аба мейкиндигин пайдаланууну көзөмөл жүргүзүү жана аба кыймылын тейлөө үчүн түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 24-июлундагы № 450 токтому менен бекитилген, ишкананын Уставына ылайык «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  Министрлигинин (КР ТКМ) түзүмүнө кирет. Ишкананы башкаруучу жогорку орган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  Министрлиги болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы төмөнкү филиалдардан турат:

  • «Манас» аэропортунда жайгашкан Бишкек филиалынан
  • “Ош” аэропортунда жайгашкан Ош филиалынан

Негизги жана аймактык аэропорттордун Аба кыймылын башкаруу (АКБ) борборлоруна кире турган ар бир филиалдын  өзүнүн  өндүрүштүк кубаттулугу, имараты жана жабдуулары бар.

КР ТжЖМга «Кыргызаэронавигация» МИ бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат, алардын белгилүүлөрү:

  • «ЕВРАЗИЯ» мамлекет аралык  координациялык Кеңешмеси
  • МАС «Восток» агымдарын жана аба кыймылын пландоону уюштуруу боюнча Ассоциациясы
  • МККАНТ аэронавигациялык тейлөө тармагындагы карыз көйгөйлөрү боюнча Маалыматтык-Координациялык Кеңешмеси

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы  ИКАО, МАК, ЕВРОКОНТРОЛЬ  сыяктуу  жарандык авиация уюмдары менен кызматташат.

Аба билдирүүлөрү тууралуу Өкмөт аралык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган  мамлекеттердин тизмеси (www.caa.kg сайтынан караңыздар) :

  1. Украина Республикасы  – 1993-жылдын 23-февралында Бишкек шаарында кол  коюлган.
  2. Иран Ислам Республикасы  - 1993-жылдын 22-июнунда Тегеранда кол коюлган.
  3. Индия – 1993-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
  4. Пакистан Ислам Республикасы -1993-жылдын 14-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
  5. Монголия – 1999-жылдын 4-декабрында Бишкекте кол коюлган.
  6. Туркменистан  Республикасы - 1993-жылдын 24-декабрында Ашгабат шаарында кол коюлган.
  7. Казахстан Республикасы  - 1994-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Беларусия Республикасы  – 2000-жылдын 2-февралында Минскиде кол коюлган.
  8. Турция Республикасы – 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган.
  9. Россия Федерациясы  -  1996-жылы 28-мартта  Москвада кол коюлган.
  10. Улуу Британия  жана Түштүк Ирландия Бириккен  Королдугу– 1994-жылдын 8-декабрында Лондондо кол коюлган.
  11. Индонезия Республикасы  - 1995-жылдын 18-июлунда Джакартада кол коюлган.
  12. Кытай Эл Республикасы  -  1996-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган.
  13. Өзбекстан Республикасы  -  1996-жылдын 4-сентябрында кол коюлган.
  14. Грузия -  1997-жылдын 22-апрелинде Тблисиде кол коюлган.
  15. Германия Федеративдик  Республикасы – 1997-жылдын 13-майында Бишкек шаарында кол  коюлган.
  16. Австрия – 1998-жылдын 17-мартында Венада кол коюлган.
  17. Гонконг (КЭР) – 1999-жылы 15-июлда Гонконгдо кол коюлган.
  18. Белорусия Республикасы – 2000-жылдын 2-февралында Минскиде кол коюлган.
  19. Таиланд Королдугу –  2001-жылдын 2-июлунда кол коюлган.
  20. Малайзия – 2000-жылдын 17-ноябрында Куала-Лумпурда кол коюлган.
  21. Армения – 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкекте кол коюлган.
  22. Швейцария – 2002-жылдын 25-октябрында  Бишкекте кол коюлган.
  23. Греция  Республикасы  – 2004-жылдын 1-ноябрында Афинада кол коюлган.
  24. Чехия Республикасы  –2004-жылдын 29-апрелинде Прагада кол коюлган.
  25. Таджикистан – 2004-жылдын 26-майында Душанбеде кол коюлган.
  26. Корея Республикасы  -  2006-жылдын 11-июлунда Сеулда кол коюлган.
  27. Европа Биримдиги -  2007-жылдын 1-июлунда Брюсселде кол коюлган.
  28. Сауд Арабиясы Королдугу – 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияда кол коюлган.
  29. Бирикке Араб Эмираты- 2014-жылдын 7-декабрында Дубайда кол коюлган.