Кесиптик даярдыктар

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын алдындагы Окутуп- машыктыруучу борбор (ОМБ)  2013-жылдын 15-декабрынан тартып  Жарандык авиациянын авиациялык окуу борбору Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын, ИКАОнун  ченемдик документтерине жана Эл аралык талаптарга ылайык авиация адистерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана колдоо максатында атайын авиациялык тартип боюнча кошумча билим берүү тармагындагы билим берүү ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.

            ОМБ Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүү министрлигинин лицензиясына, КРдин Жарандык авиация агенттиги тарабынан берилген Тастыктама.

   
   

 

Аэронавигациялык системанын туруктуулугунун маанилүү элементи болуп персоналдардын кесиптик даярдыгы  саналат. Ишкананын өнүгүшү көбүнчө персоналдардын заманбап технологияларды өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнө жана аларды практикада колдонуусуна жараша болот.

 

Аба кыймылын тейлөө системасындагы адистердин негизги массасы (60% жакыны) Манас аэропортунда, 20 % жакыны Ош аэропортунда,аймактык аэропорттордо 4-6 адистен 10-15 адиске чейин.

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында иштеген персоналдарды баштапкы окутуу иштери  Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн кесиптик  окуу жайларында ишке ашырылат.

Ишкананын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, такшалтуу жана колдоо “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын алдында  түзүлгөн окутуп-машыктыруучу борборунда (ОМБ) жүргүзүлөт.

ОМБнын машыктыруу борбору  “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын диспетчердик иш ордунун реалдуу схемасы бар “Навигатор-2” жана “Эксперт” комплекстүү тренажерлорго ээ.

Ишканадагы окутуп-машыктыруучу борбор Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин тиешелүү Лицензиясына жана Эл аралык Авиациялык Комитеттин (ЭАК) Тастыктамасына ээ. ОМБда даярдалган аудиториялар жана тажрыйбалуу мугалимдерден тышкары бардык заманбап талаптарына туура келген машыгуу комплекси бар.

Авиа адистердин даярдыгын уюштуруу деңгээли бардык сунушталган талаптарга туура келет. Окуу борбору тарабынан берилүүчү тастыктамалар Эл аралык авиациялык  комитет тарабынан тастыктамаланган жана таанылган.

Окутуу иштерин жүргүзө турган  ОМБнын инструктордук курамынын, штаттык  (штаттан тышкаркы) окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн толук шарттар түзүлгөн, ишкананын авиациялык адистери үчүн профилдик окуу жайларында квалификацияны жогорулатуу курстары каралган.

2013-2014-жж. Москванын  аэронавигациялык Институтундагы окутуу курсунан өтүшкөн:

- Кесиптик-багыттагы англис тили программасы боюнча ОМБнын штаттык окутуучулары;

- “Аба кыймылын тейлөөнү уюштуруу”, “Авиациялык метеорология”, ”Учууларды радиотехникалык камсыз кылуу” программалары боюнча штаттан тышкаркы окутуучулар; 

- “Аба кыймылын уюштуруу” программасы боюнча Учуулардын жетекчилери, Бишкек жана Оштогу аба кыймылын тейлөө борборлорунун улук диспетчерлери;

- “Аба мейкиндигин пайдалануу жана пландоо” программасы боюнча КРнын аба кыймылын уюштуруу (АКУ) боюнча Башкы борбордун диспетчердик курамы;

Ташкентте, С.Петербургда жана КРнын Жарандык Авиация Агенттигинин алдындагы жарандык авиациянын эл аралык уюму (ЖАЭУ) жана ИАТА курстарында Учуу коопсуздугун башкаруу  жана сапат менеджментинин системалары (СМС) программасы боюнча 2 штаттык окутуучу окутуу курстарынан  өтүшкөн.

Ишканада Мамлекеттик тилди жайылтуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү максатында ОМБда ишкананын кызматкерлери үчүн атайын кыргыз тили боюнча  курстар уюштурулган. Кыргыз тилди баштоочулар жана улантуучулар үчүн ишкананын мамлекеттик тил боюнча адиси тарабынан 6 айлык курс болуп өттү. Окутуу иши жумуштан үзгүлтүксүз жүрдү. Азыркы тапта  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу борборунун мугалимдери  тарабынан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча кызматкерлерди окутуу иштери  мерчемделүүдө.

УРТКБнын  инженердик-техникалык курамын кесиптик кайра даярдоо

ИКАОнун сунуштамасына ылайык РТК адистеринин квалификациялык   деңгээлин жогорулатуу боюнча ишкананын жетекчилиги тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.

2009-жылдын башында Санкт-Петербург шаарындагы НИТА окуу борборунан УРТКБнын инженердик-техникалык персоналдарынан 5 адис квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келишкен. 

 Узак мөөнөткө иштелип чыккан программага ылайык Алмата шаарындагы Жарандык Авиация Академиясынан АКТнын радиолокациялык (радионавигациялык) каражаттарын тейлөө боюнча “радиотехник” жана “радиоинженер”  кесиби боюнча 6 адис окууну аяктап, өз милдеттерин аткарууга киришти.

“КАН”МИнин ОМБда акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баа прейскуранты:

Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Баасы сом менен

1.

Теоретикалык окутуу - 1 саатка

79,00

2.

1 сынакты кабыл алуу

79,00

3.

1 угуучуну тестирлөөдөн өткөрүү

6350,00

4.

Тренажердо окутуу– 1 саатка

144,00

5.

Аба кыймылын башкарууга диспетчерлерди окутуу

(Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) - 9 ай

5660,00

6.

Аба кыймылын башкарууга диспетчерлерди окутуу

(чет элдик жарандар үчүн) - 9 ай

22634,0

Бул келтирилген баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясат  жана конкуренциянын өнүгүшү боюнча Мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган (2009-жылдын 5-октябрындагы №386 буйругу) жана 2009-жылдын 16-октябрындагы № 107 “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын буйругу менен  күчүнө кирген.