Пресс-конференция 2023-жылдын 4-декабры, Манас 2

2023-жылдын 4-декабрында Манас 2 аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин атынан директордун орун басары Д.К.Бостоновдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ш.К.Жангазиевдин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы И.Абдраимов атындагы Авиация институтунун директору У.Э.Курмановдун, ошондой эле «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы М.С.Самидиновдун катышуусунда пресс-конференция өттү. Конференциянын катышуучулары өздөрүнүн ишканаларынын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасашты. Андан соң мамлекеттик жана жеке телеканалдардын ММК өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолору берилип, аларга толук жооп алышты.