Защита - надежная опора!

25-мартта баштапкы профсоюздук уюмдун жана профсоюздук комитеттин мүчөлөрүнүн отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Бул конференцияда бир нече талапкерлер  көрсөтүлүп, алар өз программаларын тааныштырышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  Жакыпбаев Азамат Маматназаровичтин талапкерлиги бекитилди.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрагасы - Калмурзаев Каныбек Калмурзаевич Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Бутабаев Карим Шавкатовичке  Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн  «СССРдин эмгек сиңирген №1 учкучу Ишембай Абдраимов»  медалын тапшырды.