Ардактуу эс алуу

КР Транспорт жана коммуникациялар министрилигине караштуу «Кыргызаэронавигация» МИ 2021 жылдын 28-декабрында Орозбаева Тамара Анваровнаны ардактуу  эс алууга узатты. Жалпы эмгек стажысы  47 жыл. Орозбаева Тамара Анваровна «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамоталары, ошондой эле «Кесиби боюнча мыкты» төш ​​белгиси, Кыргыз Республикасынын Жарандык  авиациясынын  80 жылдыгына карата медалы  менен сыйланган. Ошондой эле  «Ардактуу аэронавигатор» наамы ыйгарылды.