Билим- жанып турган чырак

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын адистери «Манас» жана «Ош» аэропортторунда   Улуттук авиация университетинин (Украина) окутуучулары тарабынан 2021-жылдын 15-ноябынан 26-ноябрына чейин    “ (PBN)  характеристикасына негизделген навигация” программасы боюнча  жана 2021-жылдын 22-ноябрынан 26-ноябрына чейин “Авиациялык окуу жайдын инструктору (окутуучусу)” окутуу методикасы боюнча  квалификацияны жогорулатуу курстарынан ийгиликтүү өтүштү.   Курстун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.

Окутуу  жогорку деңгээлде өтүп  окутуучулар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.  Билим жана тажрыйбалары менен  бөлүшүп  окутуунун жаңы натыйжалуу  ыкмаларын көрсөтүштү.