Окуу

“Кыргызаэронавигация” МИнин  2018-жылга  жарандык коргоонун  даярдык  Планына ылайык, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында 27-апрелде саат 14.00дө   “Өздүк курамды өрт чыкканда жана өрт коркунучу пайда болгон учурларда  объектиде  иш-аракеттерди жүргүзүүнү  окутуу” темасы боюнча  штабдык машыгуу өткөрүлдү.

                  Штабдык машыгуу  өткөрүү учурунда бардык катышуучулар тарабынан пландалган иш-чараны аткаруу боюнча маселелер иштелип чыкты жана ишкананын кызматкерлери эвакуацияланды.

                  Жарандык коргоону уюштуруу жетекчилери аткарылган иштер боюнча отчет беришти.

                  Штабдык машыгуу жалпысынан “жакшы” деген баага өттү, коюлган милдеттер өз максатына жетти.