Жаз майрамыңыздар менен!

2018-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында “Нооруз” майрамына карата арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын бардык  бөлүмдөрү активдүү катышышты. Иш-чара ишкана жетекчилигинин куттуктоо сөздөрү менен башталып, кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер менен коштолду. Бөлүмдөр арасында төмөнкүдөй сынактар уюштурулду:

-улуттук тамак-аш;

- мыкты музыкалык номер;

-боз үйдү жасалгалоо;

-улуттук оюндар (аркан тартыш, кол күрөш, чүкө атмай, күрөш);

Майрам шаңдуу маанайда  өттү. Жыйынтыгында сынактын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулар Ардак Грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.